Бишкекте “Рух Санат” салттуу маданият жана музыка фестивалына өтүүдө

Маданият Загрузка... 27 Апрель 2025 15:37
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 27.04.25. /Кабар/. 25-апрелде КР Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында дүйнө элдеринин салттарын, музыкасын, искусствосун жана руханий баалуулуктарын даңазалоого арналган “Рух Санат” дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалына расмий түрдө старт берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маданий иш-чара театралдаштырылган пролог менен ачылып, андан соң расмий бөлүк уланды. Фестивалдын старт күнүнө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Мирбек Мамбеталиев, КР эл артисти, искусство таануу илимдеринин доктору Роза Аманова жана өлкөнүн белгилүү маданият, искусство ишмерлери, ошондой эле салттуу музыканы алып жүрүүчүлөр катышты.

Минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул фестивалдын дүйнө элдерин бириктирүүдөгү маанисине токтолуп, салттуу маданиятты сактоо жана даңазалоо бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө фестивалдын кыргыз маданияты үчүн гана эмес, жалпы дүйнөлүк деңгээлде салттуу музыка искусствосунун өнүгүшү үчүн чоң кадам экенин билдирди.

Иш-чаранын катышуучулары менен биргеликте 10дон 1ге чейин артка саноо таймери менен фестивалга расмий старт берилип, бул символдук жөрөлгөгө Эдил Байсалов, Мирбек Мамбеталиев жана Роза Аманова катышып, добулбас кагылды.

КР президентинин колдоосу менен министрлер кабинетинин атайын тескемеси боюнча 2025-жылдын 1-2-3-август күндөрү “Рух Санат” дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалы Кыргыздын жаратылыш бермети болгон Ысык-Көлдө өтөт.