Кутулуу эмес — кылтак. Бишкекте прокурорго 50 миң сом пара сунуштаган жаран кармалды

Укук тартиби Загрузка... 18 Апрель 2025 16:40
120047_w_h500_1558587512_r.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. Прокурорго пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, адам өлтүрүү боюнча соттолуп, жазасын өтөп жаткан У.А. аттуу таанышын жатак-абакка мыйзамсыз которуу маселесин чечүү үчүн Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурорунун жардамчысына 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары сунуш кылган.

Учурда шектүү К.К.К. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул факты боюнча тергөө жана ыкчам иш-аракеттер жүрүүдө.