Бишкек, 10.10.26. /Кабар/. Борбор калаадагы “Ала-Тоо” аянтында Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору катышууда.
Мааракенин алкагында Чүй облусунун тарыхын, маданий мурастарын жана жетишкендиктерин даңазалоого багытталган сахналаштырылган коюм коюлуп, майрамдык маанай тартууланууда.