Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран куткарылды

Кырсык Загрузка... 28 Май 2025 15:00
copyright icon WWW

Бишкек, 28.05.25./Кабар/. Бишкекте куткаруучулар өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткан 43 жаштагы жаранды аман алып калышты.

ӨКМден билдиришкендей, кечээ, 27-майда Бишкек шаарынын Октябрь районунда 1982-жылы туулган эркек киши бактын үстүнө чыгып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, ыкчам аракеттердин натыйжасында, куткаруу шаймандарынын жардамы менен ал жаранды бактан түшүрүшкөн.