Бишкекте окуучулардын республикалык олимпиадасы башталды

Билим 27 Март 2026 12:05
657892684_1389440056563068_5562823143999729106_n.jpg
1.jpg
655353692_1389443946562679_7135433269786990073_n.jpg
655814500_1389475759892831_2633900462528292562_n.jpg
656044574_1389446193229121_831305860974316999_n.jpg
656323481_1389475773226163_5854852027992507764_n.jpg
657356003_1389444813229259_9212956985159409059_n.jpg
657428281_1389446666562407_7766239900087322681_n.jpg
658992848_1389440193229721_5709638673461462387_n.jpg
660497832_1389475806559493_2491938394517223718_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте мектеп окуучуларынын олимпиадасынын IV (республикалык) этабы башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Ачылыш аземине катышкан министрдин орун басары Надира Жусупбекова олимпиаданын башкы принциби татыктуулардын жеңиши экенин белгиледи.

"Сиздер бүгүн бул жерге келүү үчүн чоң эмгек жумшап, тынымсыз издендиңиздер. Ошондуктан ар бириңиздер буга чейин эле жеңүүчүсүздөр. Мыкты жыйынтыктарды көрсөтө турганыңарга ишенем. Ар бириңиздер өлкөбүздүн келечеги болуп, илим менен билимдин өнүгүшүнө салым кошо турган жаш муунсуздар. Баарыңарга ийгилик каалайм, чыныгы татыктуулар жеңсин", - деди ал.
658121375_1389444299895977_3018653893328569012_n.jpg

Республикалык олимпиаданын бул этабына облустук жана шаардык турларда 1-2-орундарды ээлеген 330га жакын окуучу катышууда.

Олимпиада төмөнкү билим берүү уюмдарында өткөрүлүүдө:

  • Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде — математика, физика, тарых, информатика, география;
  • Айчүрөк лицейинде — кыргыз тили, орус тили, англис тили;
  • И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде — химия жана биология.

Олимпиада эки күнгө созулуп, 30-мартта жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт.