Бишкекте окуучулар 25-ноябрдан 2-декабрга чейин онлайн окуйт

Коом Загрузка... 24 Ноябрь 2025 15:05
WhatsApp Image 2025-11-24 at 16.08.23.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Борбор калаадагы бардык мектептер 25-ноябрдан 2-декабрга чейин онлайн окуйт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды, анын ичинде ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны, ошондой эле алдыдагы шайлоо жана андан кийин мектептерди билим берүү процессине даярдоо зарылдыгын эске алуу менен кабыл алынды.

Сабактар ​​бекитилген окуу пландарына жана график боюнча онлайн режиминде өткөрүлөт. Окуу программаларында кечигүүлөр болбойт.

Сабактар ​​кайра 2-декабрда кадимкидей уланат.

Мындан тышкары, Бишкектеги жогорку окуу жайлар 25-27-ноябрь күндөрү онлайн окутууга өтөт.