Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунда мыйзамсыз орнотулган жарнамалык конструкциялар демонтаждалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда Чүй проспектисинин Павлов, К. Кулиев жана Б. Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишкен тилкелеринде, ошондой эле Манас көчөсүнөн (мурдагы Ю. Фучик көчөсү) Иманалы Айдарбеков көчөсүнө (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) чейинки аралыкта ишкердик субъекттери тарабынан өз алдынча орнотулган жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, башаламан жайгаштырылган кабелдер менен зымдарды жыйноо жана иретке келтирүү иштери аткарылды.
Ошондой эле ишкердик субъекттери тарабынан өздөрүнө тиешелүү аймактардын айланасын тазалоо жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.