Виза үчүн жасалма маалымкаттар: Бишкекте мыйзамсыз миграция каналы аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 18 Март 2026 12:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 18.03.26 /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз миграция каналы аныкталып, анын уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Пакистандын жараны А. М. жана ага көмөктөшкөн Улуттук госпиталдын кызматкери И. Т. В. кармалды.

Белгиленгендей, алар чет өлкөлүк жарандарды (Пакистан, Бангладеш) медициналык кароодон өткөрбөстөн, виза мөөнөтүн узартуу үчүн колдонулган №086 формасындагы жасалма маалымкаттарды сатып келишкен. Алардын жашаган жана иштеген жерлерин тинтүү учурунда 160тан ашык жасалма медициналык маалымкат табылды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка тараптарды аныктоо боюнча иштер уланууда.

Белгилей кетсек, Түштүк Азия өлкөлөрүндө өлүм көрсөткүчү жогору болгон Нипах вирусу жайылып жаткан шартта, чет элдиктердин медициналык текшерүүсүз өлкөдө жүрүүсү санитардык-эпидемиологиялык абалга түздөн-түз коркунуч жаратат.