Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 19-21-апрель күндөрү мода жана текстиль тармагындагы ири эл аралык “Texpo IV” көргөзмө-форуму өтөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын жетектөөчү адиси Замира Нуралиева билдирди.
Анын айтымында, иш-чаранын негизги максаты - текстиль жана жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана жаңы базарларга чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
“Көргөзмө-форум Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн дизайнерлерин, өндүрүүчүлөрүн, бизнес өкүлдөрүн жана адистерин бир аянтчага чогултат. Ага Россия, Германия, Италия, Улуу Британия, Беларусь, Түркия, АКШ, Татарстан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Афганистан, Тажикстан, Индия, Бангладеш, Кытай жана Япония өлкөлөрүнөн келген адистер катышат”,-деди ал.
Нуралиева белгилегендей, форум - Кыргызстандын мода жана текстиль тармагын жаңы деңгээлге көтөрүүчү платформа болмокчу. Көргөзмө-форумдун алкагында пландалган төмөнкү иш-чаралар болот:
- жаңы коллекциялардын бет ачарлары жана мода көрсөтүүлөрү;
- текстиль өндүрүшүнүн заманбап технологиялары жана тренддери боюнча презентациялар;
- панелдик талкуулар жана мастер-класстар;
- жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялардын товарларын жана кызматтарын көргөзмө-сатуусу.
“Иш-чарага катышууну каалагандар https://texpo.asia/expo25 расмий баракчасына же уюштуруучулардын байланыш даректери аркылуу кайрылууга болот”,-деди ал.