Бишкек, 23.07.26 /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания август айында Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинин үчүнчү этабы менен батирлерди тапшырууну пландап жатат.
Компаниядан "Кабар" агенттигине билдиришкендей, жарандарга 1 миңден ашуун батир тапшырылмакчы.
Белгиленгендей, батирлерди тапшыруунун төртүнчү этабы декабрь айында аягына чыгарылат.
“Мурас” турак жай комплексинде жалпысынан 4754 батир каралган.
Быйылкы жылы компания Бишкек шаарында 6300дүн тегерегиндеги турак жайды тапшырат.