Бишкекте мода көргөзмөсү өтөт

Маданият 6 февраль 2026 10:10
Бишкекте мода көргөзмөсү өтөт
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Бишкекте 18-февралда мода көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалымдалгандай, анда заманбап мода менен түстөрдүн айкалышына басым жасалып, актуалдуу делген кийимдердин түрлөрү көрүүчүлөрдүн назарына тартууланат.

Кечени жандуу музыка коштоп, Лилия Рах баштаган мода эксперттери өз сунуш-пикирлери менен бөлүшөт.

Ошондой эле уюштуруучулардын өнөктөштөрү тарабынан кызыктыруучу белектер ойнотулат.