Бишкекте милиционердин табелдик куралды жоготкондугу иликтенүүдө

Коом Загрузка... 27 Май 2025 11:20
2019-07-26_17-42-32.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Бишкекте милиционердин табелдик куралды жоготкондугу иликтенүүдө.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылдын 23-майында социалдык тармактарда милиция кызматкери табелдик куралын жоготкондугу тууралуу маалымат тараган.

Бул факты боюнча Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинин 1-бөлүгү (Шалаакылык) менен кылмыш ишин козголгон.

26-майда жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 28 жаштагы Б.А. аттуу жаран табелдик куралды таап алганы аныкталган. Ал куралды өз ыктыяры менен өткөрүп бергендиги айтылды.

Учурда Свердлов РИИБи табелдик куралды жоготуу фактысын иликтеп жатат.