Бишкекте мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү маселеси талкууланды

Билим 07 Сентябрь 2025 13:00
543131499_1216986107141798_8554283450873370983_n.jpg
541442742_1216887423818333_4042751719110341752_n.jpg
544423927_1216887430484999_3602224739814453499_n.jpg
Алдыга
Артка
543131499_1216986107141798_8554283450873370983_n.jpg
541442742_1216887423818333_4042751719110341752_n.jpg
544423927_1216887430484999_3602224739814453499_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 07.09.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана педагогдору үчүн педагогикалык форум өттү.

Форум Агартуу министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин демилгеси менен уюштурулуп, жаңы мамлекеттик демилгелердин алкагында мектепке чейинки билим берүүнүн өнүгүүсү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоого арналган маанилүү аянтчага айланды.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар:

  • мектепке чейинки билим берүү тармагындагы жаңыланган ченемдик укуктук базаны;
  • ваучер системасын киргизүүнү, анын максатын жана аны ишке ашыруу механизмдерин;
  • мектепке чейинки курактагы балдар үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыздоо максатында мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчалардын өз ара кызматташуусунун келечегин талкуулашты.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай форумдарды өткөрүү мамлекеттик түзүмдөр менен жеке сектордун ортосундагы конструктивдүү диалогду түзүүгө мүмкүндүк берип, акырында Бишкектеги мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө болот.