Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Бишкекте мечиттен өрт чыгып, бир адам жаракат алды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө саат 11:16дан тарта 2 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Алардын күжүрмөн аракеттеринин натыйжасында өрт саат 12:18де толук өчүрүлдү.
Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн кесепетинен 1994-жылы туулган эркек адам колунан жеңил жаракат алды.
Өрттүн аянты болжол менен 150 чарчы метрди түздү.