"Мамлекеттик кызматкер "Манас" окуйт!" долбоорунун мыктылары сыйланат

Маданият Загрузка... 02 Декабрь 2025 13:15
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. 5-декабрда саат 14:00дө "Манас" театрында "Мамлекеттик кызматкер "Манас" окуйт!" долбоорунун бир жылдык ишмердүүлүгүн чыгарган иш-чара өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор президенттин "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – "Манас" эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык ишке ашырылууда.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Социалдык фонддун, Бишкек, Ош шаарларынын мэриясынын, "Манас" улуттук театрынын, "Манас" академиясынын, Баткен, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарынан өкүлдөр катышып, долбоордун мыктылары сыйланат.