Бишкекте мамкызматкерлер үчүн киберкоопсуздук боюнча семинар өтүүдө

Коом 557 10 Июль 2025 11:31
WhatsApp Image 2025-07-10 at 10.35.58.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-10 at 10.35.58 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-07-10 at 10.35.58.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-10 at 10.35.58 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Бүгүн Борбор калаада мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарлары үчүн “Мамлекеттик сектордогу киберкоопсуздук” аттуу семинар өтүп жатат.

Иш-чарага санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары Азиз Пирмаматов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов жана “Касперский лабораториясынын” Казакстан, Борбордук Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Валерий Зубанов катышууда.

Семинардын негизги максаты — мамлекеттик кызматкерлердин санариптик сабаттуулугун жана киберкоопсуздук маданиятын жогорулатуу, маалыматтык коопсуздуктун туруктуу тажрыйбасын өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын санарип мейкиндиктеги координациясын күчөтүү болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар маалыматтык системаларга коркунуч жараткан киберчабуулдардын алдын алуу, жооп кайтаруу стратегиялары, коопсуздук стандарттары жана эл аралык тажрыйбалар боюнча маалымат алышат.

Ошондой эле практикалык сессиялар аркылуу мамлекеттик кызматкерлердин маалыматтык коопсуздукту камсыздоодогу ролу жана жоопкерчилиги да талкууланат.