Бишкекте маданият тармагындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилери чогулду

Маданият Загрузка... 21 Ноябрь 2025 11:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.11.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Улуттук тарых музейинде “Art Dialog” аттуу маданият жана искусство тармагындагы кесиптик билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жыйыны өтүп жатат.

Иш-чаранын негизги максаты - тармактагы билим берүү системасынын учурдагы абалын комплекстүү талдоо, көйгөйлөрдү жана өсүү мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо, ошондой эле билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү аркылуу өнүгүүнүн жаңы багыттарын иштеп чыгуу.

Жыйын тармактагы реформаларды натыйжалуу жүргүзүүгө жана маданий саясаттын сапатын жогорулатууга багытталууда.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов, ошондой эле өлкөдөгү маданий билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана эксперттер катышууда.

Жыйындын жыйынтыгында кесиптик билим берүү мекемелеринин өнүгүүсүнө багытталган резолюция кабыл алынып, анда стратегиялык багыттар, методикалык борборлорду бекитүү, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана санариптештирүү боюнча сунуштар камтылат.