Жаңы оңдолгон Лев Толстой көчөсүн суу каптады. Мэрия эмне дейт?

Коом Загрузка... 16 Сентябрь 2025 15:25
WhatsApp Image 2025-09-15 at 18.37.02.jpeg
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн жаңы оңдолгон бөлүгүндө суу түтүгү жарылып, көчөнү суу каптады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, авария көчөнүн түштүк тарабындагы газондо болгон. Жарылган түтүктүн диаметри 150 мм түзөт. Окуя болгон жерге “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын авариялык бригадасы дароо барып, ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүштү.

“Жолдун үстүнкү катмарына зыян келген эмес. Учурда суу түтүгүн калыбына келтирүү иштери улантылууда”, — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү кызматтар кырсыктын кесепеттерин толук жоюп бүткөнчө, айдоочуларды жана шаар тургундарын этият болууга чакырышат.