Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын XIV эл аралык кинофестивалы башталды

Маданият 21 Апрель 2026 20:00
IMG_5421.png
IMG_5422.png
IMG_5423.png
IMG_5424.png
IMG_5425.png
IMG_5426.png
IMG_5427.png
IMG_5428.png
IMG_5429.png
IMG_5430.png
IMG_5421.png
IMG_5430.png
IMG_5433.png
IMG_5434.png
IMG_5435.png
IMG_5436.png
Алдыга
Артка
IMG_5421.png
IMG_5422.png
IMG_5423.png
IMG_5424.png
IMG_5425.png
IMG_5426.png
IMG_5427.png
IMG_5428.png
IMG_5429.png
IMG_5430.png
IMG_5421.png
IMG_5430.png
IMG_5433.png
IMG_5434.png
IMG_5435.png
IMG_5436.png
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.04.26 /Кабар/. Бишкек шаарында КМШ, Балтика өлкөлөрү жана Грузиянын кыска метраждуу тасмаларынын XIV эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземи өттү.

Быйыл фестиваль кайрадан эл аралык кызыгууну жаратып, ар кайсы өлкөлөрдүн режиссерлорунан 900дөн ашык арыз келип түштү.

Фестиваль кино ишмери, режиссер жана педагог, жергиликтүү кинематографиянын өнүгүшүнө чоң салым кошкон Альгимантас Видугиристин 90 жылдыгына арналууда. Анын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган фотокөргөзмө да уюштурулууда.

Конокторду конкурстук программадан тышкары, кино искусствосунун ар кыл багыттарына арналган адистердин мастер-класстары күтөт.

Белгилей кетсек, фестиваль Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин, КМШга мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун, “Маданий кызматташтык фонду”, коомдук фондунун жана “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борборунун колдоосу менен өтүүдө.

Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбековдун айтымында, бул иш-чара биринчи кезекте Кыргызстан үчүн чоң майрам, өлкө 14 жылдан бери постсоветтик өлкөлөрдөн жаш кинематографисттерди чогултуп келүүдө. Ал эми Бишкек шаары кыска метраждуу тасмалардын борборуна айланууда.

“Бул жерге келечектеги таланттарды чогултуп жатабыз. Анткени, ушундай кыска метраждуу тасмалардан кийин алар чоң кинокартиналарды жарата башташат. Бул келечектеги генийлерди көрүүгө мүмкүнчүлүк берген аянтча. Мында Кыргызстан менен катар КМШ өлкөлөрүнөн, Балтика аймагынан жана Грузиядан келген таланттар да катышат”, - деп белгиледи ал.

Программага эл аралык жана улуттук сынактар да камтылган. Эл аралык сынакка 14 тасма, ал эми улуттук сынакка кыргыз режиссерлорунун 15 эмгеги кирди.

Белгилей кетсек, иш-чара 21-апрелден 24-апрелге чейин уланат.