Бишкекте кыргыз–тажик кызматташтыгына арналган иш-чара өттү

Коом Загрузка... 21 Апрель 2025 21:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте кыргыз-тажик кызматташтыгына жана чек аранын бекемделишине арналган иш-чара өттү.

Ага Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев баштаган бийлик өкүлдөрү, саясат таануучулар, Жогорку Кеңештин депутаттары, элчиликтин кызматкерлери, дипломаттар, жана коомдук ишмерлер, Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода катышты.

Иш-чарада оболу Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода сөз сүйлөп, чек ара боюнча келишим кыргыз-тажик мамилелеринин жаңы барагын ачып, бардык багыттар боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө, өз ара ишенимди бекемдөөгө жана эки тарап үчүн тең пайдалуу мамиленин жаңы деңгээлине чыгууга жол ачарын белгиледи.

“Көп жылдан бери чечилбей келген кыргыз-тажик чек ара маселеси чечилди. Соңку эки жылда эки өлкөнүн дипломаттары, эксперттери жана картографтары чек ара маселесин тактоо багытында үзгүлтүксүз жана координацияланган иш алып барышты. Ар бир жолугушуу, ар бир протокол татаал жоопкерчиликтүү жумуштун жыйынтыгы. Өлкө башчылардын саясий чечкиндүүлүгү жана эл алдындагы жоопкерчилиги эки тараптуу макулдашууга жетип, тарыхый мунасага келүүгө негиз болду. Өзгөчө Саймумин Ятимов менен Камчыбек Ташиевдин кошкон салымын баса белгилеп кетүү зарыл. Алардын көйгөйлөрдү терең түшүнүүсү жана конструктивдүү диалогго умтулуусу — өнөктөштүк жана жакшы коңшулаштык духунда адилеттүү жана тең салмактуу чечимдерге жетүүгө жол ачкан негизги факторлордун бири болду”,-деди ал.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишимдин күчүнө кириши — эки элдин ортосундагы узак мөөнөттүү коопсуздукка, стабилдүүлүккө жана өз ара ишенимге негизделген кызматташтыктын жаңы этабы экенин белгиледи.

“Бул тарыхый келишимдин кабыл алынышы — эки өлкөнүн жетекчиликтеринин саясий эркинин, дипломаттарынын, эксперттеринин жана чек араны тактоо боюнча жумушчу топтордун тынымсыз эмгегинин натыйжасы. Биз эң негизги максат — элибиздин коопсуздугу менен тынч жашоосун камсыздоо жолунда чоң кадам таштадык. Бүгүн биз тарыхый мааниге ээ болгон өзгөчө окуя — Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимдин күчүнө киришин расмий түрдө белгилеп жатабыз. Мамлекеттик чек ара — бул жөн гана административдик сызык эмес. Бул кызматташтыктын, өз ара ишенимдин жана биргелешкен кызыкчылыктардын кеңдиги. Ал эки өлкөнүн ортосундагы тынчтыктын жана ынтымактын символу катары кызмат кылууга тийиш. Бул келишим кыргыз-тажик мамилелеринин жаңы барагын ачат деп ишенебиз. Бардык багыттар боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө, өз ара ишенимди бекемдөөгө жана эки тарап үчүн тең пайдалуу мамиленин жаңы деңгээлине чыгууга жол ачат”,-деди ал.

Иш-чара достук маанайда өтүп, эки тараптуу маданий байланыштарды өнүктүрүү, чек ара кызматташтыгы жана экономикалык долбоорлор тууралуу пикир алмашуу менен жыйынтыкталды.

Бул жолугушуу кыргыз-тажик мамилелерин жаңы сапаттуу деңгээлге чыгаруучу кадамдардын бири катары тарыхта калмакчы.