Бишкекте кыргыз-британ билим берүү тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Билим 19 Май 2025 17:39
497832642_1128421332664943_1756652401156269940_n.jpg
492889823_1128421352664941_2796457633845968339_n.jpg
497996813_1128421175998292_4728621966669942684_n.jpg
499050495_1128421182664958_5288551018639855255_n.jpg
499825755_1128421199331623_8389544500285690901_n.jpg
500221657_1128421329331610_5929684714072396333_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Бүгүн агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өнөктөштүгү жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Марк Клейтон менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, конокту Улуу Британиянын Кыргыздагы элчиси Николас Боулер коштоп жүрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, биргелешкен программалардын ишке ашырылышын, ошондой эле Кыргызстандын Агартуу министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын негизги багыттарын талкуулашты.

Жолугушууда педагогдордун кесиптик өнүгүүсүнө, билим берүү мазмунун жаңылоого жана эки тараптуу кызматташтыктын алкагында жаңы демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуу ачык жана конструктивдүү баарлашуу маанайында өтүп, тараптар Кыргызстан менен Улуу Британиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин белгилешти.