Бишкекте Кыргыз милициясынын 101 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү

Президент 1092 01 Ноябрь 2025 15:33
IMG_20251101_193238_273.jpg
IMG_20251101_193238_557.jpg
IMG_20251101_193238_813.jpg
IMG_20251101_193239_027.jpg
IMG_20251101_193238_944.jpg
IMG_20251101_193238_262.jpg
IMG_20251101_193238_702.jpg
IMG_20251101_193238_645.jpg
IMG_20251101_193238_297.jpg
IMG_20251101_193238_759.jpg
IMG_20251101_193245_963.jpg
IMG_20251101_193245_444.jpg
IMG_20251101_193245_242.jpg
IMG_20251101_193246_001.jpg
IMG_20251101_193253_397.jpg
IMG_20251101_193252_941.jpg
IMG_20251101_193253_341.jpg
IMG_20251101_193253_018.jpg
Алдыга
Артка
IMG_20251101_193238_273.jpg
IMG_20251101_193238_557.jpg
IMG_20251101_193238_813.jpg
IMG_20251101_193239_027.jpg
IMG_20251101_193238_944.jpg
IMG_20251101_193238_262.jpg
IMG_20251101_193238_702.jpg
IMG_20251101_193238_645.jpg
IMG_20251101_193238_297.jpg
IMG_20251101_193238_759.jpg
IMG_20251101_193245_963.jpg
IMG_20251101_193245_444.jpg
IMG_20251101_193245_242.jpg
IMG_20251101_193246_001.jpg
IMG_20251101_193253_397.jpg
IMG_20251101_193252_941.jpg
IMG_20251101_193253_341.jpg
IMG_20251101_193253_018.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 01.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта президент, Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда кыргыз милициясынын 101 жылдыгы белгиленди.

Иш-чаранын алдында мамлекет башчысы заманбап талаптарга ылайык жабдылган атайын техникаларды көрдү. Жалпысынан 101 бирдик техника даярдалган, алардын ар бири кызматтык милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн аймактарга жөнөтүлөт.

Президент өз сөзүндө акыркы беш жылда кыргыз милициясынын ишин чыңдоо жана анын кадыр-баркын көтөрүү боюнча олуттуу кадамдар жасалганын баса белгиледи.

“Жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында ички иштер органдарынын материалдык-техникалык каражаттарынын 85 пайызы жаңыланып, кызматкерлердин кийиминен баштап иш тутумуна чейин заман талабына ылайык өзгөртүлдү.

Айлык акыларын 2 эсеге, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөн кызматкерлердин маяналарын 4 эсеге жогорулатып, өздүк курамга социалдык жактан колдоо көрсөтүп жатабыз”, - деди Садыр Жапаров.

Андан соң республика боюнча ички иштер органдарынын бир катар объектилеринин онлайн режиминде ачылышы болду. Алардын ичинде шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, милициянын участкалык пункттарынын жаңы жана оңдолгон имараттары, ошондой эле кызматкерлер үчүн турак жайлар жана кызматтык бөлмөлөр бар.

Иш-чаранын аягында ИИМдин Бишкек гарнизонунун өздүк курамынын салтанаттуу парады өттү.