Бишкекте курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Коом 8 октябрь 2025 11:10
560312727_18081027767068772_6271580843648514791_n.jpg
561064016_18081027779068772_6483339883564836175_n.jpg
561391723_18081027758068772_4262807217825939242_n.jpg
Алдыга
Артка
560312727_18081027767068772_6271580843648514791_n.jpg
561064016_18081027779068772_6483339883564836175_n.jpg
561391723_18081027758068772_4262807217825939242_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Бишкекте коопсуздукту сактабаган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти борбор калаадагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүдө.

Бул иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын Табалдиев көчөсү №13 дарегиндеги "Козен" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан объект текшерилди. Текшерүү учурунда объектинин мыйзамдуулугун тастыктаган бирдиктүү паспорттун жоктугу жана коопсуздук техникасы боюнча талаптар сакталбагандыгы аныкталды.

Натыйжада "Козен" ЖЧКга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.