Борбор калаада 20 жаңы мектеп 1-сентябрда эшигин ачат деп күтүлүүдө

Билим Загрузка... 27 Март 2026 17:25
IMG-20260327-WA0036.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарында курулуп жаткан 20 жаңы мектеп 1-сентябрда окуучуларды кабыл алат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда республикалык бюджеттин эсебинен 20 билим берүү мекемесинин курулушу кызуу жүрүүдө.

Курулуштун багыттары төмөнкүдөй бөлүнгөн:

  • 11 имарат — иштеп жаткан мектептерге кошумча окуу корпустары;
  • 9 имарат — нөлдөн баштап салынып жаткан жаңы мектептер.
"План боюнча, алардын бардыгы 1-сентябрга карата балдарды кабыл алат деп күтүлүүдө. Бишкек шаары боюнча бүгүнкү күндө 120 мектеп бар. Аларда азыр 259 миң 710 бала окуп жатат", — деди Рахат Мусаева.