Бишкекте көрүнүктүү сүрөтчү Сабижан Бабажановдун көргөзмөсү ачылат

Маданият Загрузка... 10 Апрель 2026 14:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Сабижан Бабажановдун “Музыкадан жана жарыктан” (Из музыки и света) аттуу көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында маданиятка эмгек сиңирген ишмер, ASSOL фондунун президенти Ассоль Молдокматова билдирди.

Анын айтымында, мындай сүрөтчүлөр жүз жылда бир жаралат. Жаш курагына карабастан, чебер күн сайын өз ишин улантып келет. Сабижан Бабажанов 35 жылдан бери жарык көрүп келе жаткан “Иттипак” гезитинин түптөөчүлөрүнүн бири.

“Бүгүнкү күндө бул гезит биздин көрүнүктүү сүрөтчүбүздүн эмгегинин аркасынан чыгып жатканын сыймыктануу менен айта алабыз. Ал учурга чейин 100дөн ашык жеке көргөзмөсүн өткөрүп, эбегейсиз эмгек жасаган. Албетте, уйгур коомчулугу сыяктуу эле Кыргызстан да Сабижан Бабажанов менен сыймыктанат”, - деди ал.

Молдокматова ошондой эле мекендештер сүрөтчү Сабижан Бабажановду бир гана Кыргызстанда эмес, анын чегинен тышкары да тааныганы үчүн өзгөчө сыймыктанарын белгиледи. Анын айтымында, Бабажановдун чет өлкөлөрдө ондогон көргөзмөлөрү өткөн жана бул жалпы Сүрөтчүлөр союзу үчүн да чоң жетишкендик болуп саналат.

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Сабижан Бабажанов өз сөзүндө 85 жашта экенине карабастан, балдарынын жана Ассоль Молдокматованын колдоосу менен чоң көргөзмөсүн ачып жатканын билдирди.

“Музыкадан жана жарыктан” — бул менин акыркы иштеримдин бири. 2025-жылы мен бул эмгектеримди Алматыда өткөн көргөзмөдө тартуулап, ал жерден Баласагын ордени менен сыйлангам. Бүгүн бул көргөзмөнү жаштарга, сүрөтчүлөргө жана көрүүчүлөргө тартуулап жатам”, - деди ал.

Өз кезегинде, Кыргызстандагы уйгур диаспорасынын төрагасы Аскар Касымов Сабижан Бабажанов уйгур коомчулугунун сыймыгы жана Кыргызстандын уйгурлар коомунун негиздөөчүлөрүнүн бири экенин баса белгиледи.

“Ал чындыгында эле көрүнүктүү инсан. Бир гана биздин диаспоранын эмес, бүтүндөй өлкөнүн кызыкчылыгын чет мамлекеттерде коргоп, даңазалап жатканы менен сыймыктанабыз. Биз анын кереметтүү көргөзмөлөрүнө бир нече жолу күбө болгонбуз”, - деди ал.

Сүрөтчүлөр союзунун өкүлү, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Гүлнара Мусабай өз кезегинде сүрөтчүнүн эмгектери жана көргөзмөлөрү ар дайым кызыктуу экендигин айтты.

“Сиз абдан жаш көрүнөсүз. Сизди таанып-билгенден тарта ар дайым жаркылдаган, жүзүңүздөн жылмаюу кетпеген адамсыз. Сизге дагы көптөгөн көргөзмөлөрдү өткөрүүңүздү каалайм! Сиздин экспозицияларыңыз да, алардын аталыштары да ар дайым кызыктуу”, - деди ал.

Белгилей кетсек, көргөзмө бүгүн саат 15:00дө ачылып, эки жумага созулат.