Бишкекте КР эл артисти Табылды Актановдун 75 жылдык мааракеси белгиленди

Маданият Загрузка... 12 Ноябрь 2025 11:44
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз Республикасынын эл артисти Табылды Актановдун 75 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, мааракеге мамлекеттик катчы Марат Иманкулов , маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышты.

Союзбек Надырбеков Табылды Актанов көп кырдуу талант экендигин баса белгилеп, искусствонун ар тармагындагы зор эмгектерине токтолду. Өлкөнүн түрдүү театрларында образ жаратып, спектакль сахналаштырып, айтуучулук, манасчылык өнөрдү ала кетип эле тим болбостон, кыргыздын тарыхын изилдеп, жаш муундарга сабак боло турган чыгармаларды жаратып жаткандыгы - анын күжүрмөн эмгекчилдигинен кабар бере тургандыгын кошумчалады.

Иш-чаранын соңунда көрүүчүлөргө Табылды Актановдун калемине таандык режиссёр, КР эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров сахналаштырган “Тагай бий” спектакли тартууланды.