Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, жашоочулар эвакуацияланууда

Кырсык Загрузка... 13 Июнь 2025 13:28
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районунда жайгашкан Токомбаев көчөсүндөгү 21/1Г дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн 2-кабатындагы электр калканынан өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө саат 11:18де 1 бөлүм, 1 автошаты, саат 11:30да 1 бөлүм жана саат 11:37де өрт өчүрүү штабы тартылып, жалпы 3 бөлүм тартылган.

Жерине кошумча саат 12:04тө 1 бөлүм тартылган.

Учурда куткаруучулар тургундарды эвакуациялоодо.

Кошумча маалымат берилет.