Бишкекте Комсомол көлү ачылды

Коом Загрузка... 07 Июль 2025 12:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек 07.07.25 /Кабар/. Бишкекте Каражыгач токоюндагы  Комсомол көлү ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, Комсомол көлү 10:00дөн 19:00гө чейин ачык. Эс алуучулардын коопсуздугу үчүн куткаруучулар нөөмөттө турушат.

Комсомол  көлүнө түшүүнүн бир нече эрежелери:
- балдар чоңдордун жана ата-энелердин көзөмөлүндө гана сууга түшүшү керек;
- белгиленген жерден ары сүзүүгө болбойт;
- мас абалында сууга түшүүгө болбойт;
- баланы суунун жанында кароосуз калтырбаңыз;
- кайыктардын жанында сүзүүгө жана моторлуу кайыкты кууп чыгууга тыюу салынат;
- сак болуңуз, булуттуу же шамалдуу убакта сууга түшпөңүз.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандардан сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоону суранат.