Бишкекте КМШнын Эл аралык байланыш түзүмүн өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтүүдө

Коом Загрузка... 23 Апрель 2025 10:18
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү маалыматтык коммуникациялык технологиялардын ролун аныктаган КМШнын Эл аралык байланыш бирлигин өнүктүрүү боюнча аймактык форум өз ишин баштады.

Форум Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин колдоосу менен Эл аралык байланыш бирлиги тарабынан уюштурулуп, КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдарынын жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту.

Иш-чарага санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов, Байланыш жаатындагы регионалдык шериктештигинин башкы директору Алексей Бородин жана Эл аралык байланыш бирлигинин Электр байланышты өнүктүрүү бюросунун директору Космас Лакисон катышууда.

Форумдун жүрүшүндө санариптик трансформациядагы байланыш инфратүзүмүн өнүктүрүүдөгү киберкоопсуздук жана P2C Matchmaking демилгеси аркылуу өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган маселелер талкууланууда.

Негизги басым акылдуу шаар, санариптик жеткиликтүүлүк жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жаатындагы Эл аралык байланыш бирлигинин КМШ өлкөлөрү үчүн аймактык демилгелерине жасалууда.

Белгилей кетсек, форум дагы эки күнгө созулат