Бишкек 30.04.25 /Кабар/. Бишкекте климаттык каржылоону чыңдоо маселелери боюнча конференция болуп өттү.
Климаттык каржылоо борборунун маалыматына ылайык, конференциянын максаты – Кыргызстандагы эл аралык климаттык инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана анын кесепеттерин азайтуу боюнча долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу механизмдерин өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик органдар, каржы мекемелери жана эл аралык уюмдардын ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүү болуп саналат.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын(ЕБРР), Азия өнүктүрүү банкынын (АБР) өкүлдөрү, эл аралык эксперттер, өнүктүрүү фонддорунун жетекчилери жана коммерциялык банктар катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өз сөзүндө климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү - өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.
Ал Кыргызстан тоолуу өлкө болгондугу үчүн климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери өзгөчө билинип жатканын эске салды. 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын долбоорунда жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө, ошондой эле бул көрсөткүчтөр боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүүгө басым жасалган.
Касымалиев учурда 2029-жылга чейинки Жашыл экономика боюнча жаңы өнүгүү программасы иштелип чыгып жатканын жана экологиялык жактан туруктуу долбоорлорду баалоо жана каржылоо максатынла - жашыл таксономия киргизилип жатканын билдирди. Кыргызстан Париж макулдашуусуна киргендигин тастыктайт жана 2030-жылга чейин көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын 44%га кыскартууну, 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетүүнү көздөйт.
«Бул максаттарга жетүү үчүн миллиарддаган доллар инвестиция талап кылынат. Өкмөттүн, эл аралык өнөктөштөрдүн жана жеке сектордун ресурстарын бириктирүү биздин ишибиздин негизги багыты болуп калууда», — деди Касымалиев.
ЕБРРдин регионалдык директору Айтен Рустамова климаттык саясат борборлорунун алыстыгына карабастан, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери эң катуу билинген аймактардын бири — Борбордук Азия экенин айтты. Ал инфраструктуралык пландоого климаттык аспекттерди интеграциялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
АБРдин өлкөлүк директору Жэң Ву банктын аймактагы өлкөлөрдү көмүртеги аз жана экономикасын туруктуу кылып түзүүгө колдоо көрсөтүүгө умтуларын, ошондой эле суу ресурстарын коргоо, азык-түлүк коопсуздугу жана калктын жашоосун камсыз кылуу багытындагы долбоорлорго көмөктөшөрүн билдирди.
Конференциянын алкагында Климаттык каржылоо борбору, бир катар коммерциялык банктар жана өнүктүрүү фонддорунун ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул макулдашуу жаңы климаттык долбоорлорду биргелешип даярдоого жана каржылоого багытталган.
Клматты каржылоо борбору (ККБ) буга чейин эле энергетика, айыл чарба, суу ресурстары жана катуу калдыктарды башкаруу тармактарында 100 миллион АКШ долларынан ашуун сумманы түзгөн 21 климаттык долбоордун портфелин иштеп чыккан. Борбор өнөктөштөрдүн активдүү катышуусу менен климаттык долбоорлорду башкаруу системасын ишке киргизди.
Конференциянын негизги жыйынтыктары төмөнкүлөр болду:
Эл аралык инвестицияларды тартуу үчүн ККБнын өнүгүшүнүн жаңы багыттары аныкталды;
Мамлекеттик түзүмдөр менен каржы институттарынын ортосунда өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча макулдашууларга жетишилди;
Климаттык долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча артыкчылыктар аныкталды.
Иш-чара Министрлер кабинетинин алдындагы Климаттык каржылоо борбору тарабынан АБР жана ЕБРР банктарынын колдоосу менен уюштурулду.