Бишкекте кезектеги ипотекалык үйлөрдүн ачкычтары ээлерине тапшырылды

Коом Загрузка... 11 Апрель 2025 14:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Акназик Тургунбаева

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте кезектеги ипотекалык батирлердин ачкычтары ээлерине тапшырылды.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев катышты.

Белгилей кетсек, аталган объект Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов проспектиси, 102/1 дарегинде жайгашкан. Комплексте бир бөлмөлүү - 216, эки бөлмөлүү- 216, үч бөлмөлүү -180 батир камтылган.

Комплекс жалпысынан 6 блоктон турат жана ар бир блок 18 кабаттуу. Ал газ, суу жана канализация борбордук тармактарына толук туташтырылган. Жылытуу системасы өзүнчө автономдуу отканадан камсыздалат, ал эми электр энергиясы турак жай аймагындагы өзүнчө трансформатордук подстанция аркылуу берилет.

Эске салсак, батирлер төмөнкү категориялар боюнча берилет:

  • Мамлекеттик ипотекалык компанияга катталган кезектеги жарандар;
  • алгачкы 50% төлөө шартында үлүштүк курулуштун негизинде;
  • биринчи кезектеги социалдык категориядагы жарандар жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн тизме боюнча:

Министрлер кабинетинин чечими менен айрым социалдык категориядагы жарандарга артыкчылык берилген, бул мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер.

Мындан ары ипотекалык үйлөр электрондук тизме менен гана берилет. Айрым социалдык категориядагы жарандар ипотекалык үйлөрдү социалдык ипотека аркылуу ала алышат.