Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Бишкекте өткөн жылы башталган көчөлөрдү оңдоо жана куруу иштери улантылууда. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов билдирди.
"Биздин жол куруу, реконструкциялоо жана көпүрө салуу боюнча иштерибиз жакшы бааланды. 2025-жылдын планы ишке ашты — 92 чакырым жол курулуп, реконструкцияланды. 2026-жылы бүтө турган айрым көчөлөр калды", — деп түшүндүрдү ал.
Жанболотов өткөн жылы Дэн Сяопин көчөсүн капиталдык оңдоо башталып, жазга чейин бир бөлүгү бүткөнүн белгиледи. Окуу жылы башталып, эл эс алуудан кайткандыгына байланыштуу Дэн Сяопин көчөсүнүн түштүк тарабы 2026-жылга калтырылган. Быйыл бул иштер улантылат.
Ал ошондой эле Лев Толстой көчөсүнүн Ибраимовдон Термечиковго чейинки бөлүгү бүткөнүн, эми Термечиковдон Тимур Фрунзеге чейинки чакан тилке калганын кошумчалады. Бул эки тилкеде тең иштер быйыл толук аяктайт.
Анын айтымында, Бакаев көчөсүн Лев Толстойдон Бөкөнбаевге чейин туташтыруу өтмө долбоор катары калды. Ал социалдык тармактарда бул тилке төрт жылдан бери жасалып жатат деген маалыматтарды четке кагып, Бакаев көчөсүндөгү иштер 2024-жылдын ноябрында гана башталганын белгиледи.
"Өткөн жылы оңдоо иштери дээрлик аяктаган, бирок эки газ линиясын которууда маселе жаралды. Бардык инженердик тармактар, анын ичинде жылуулук түйүндөрү алмаштырылды, ал эми газ боюнча кечигүүлөр болду. "Газпром" өз тармактарын которуу үчүн долбоор чийип, аны Москва менен макулдашуусу керек эле. Ушундан улам иш бир жылга созулуп кетти. Быйыл алар линияны которушту, эми биз жумушту бүтүрөбүз. Күн жылыды, асфальт төшөөнү баштайбыз", — деди Жанболотов.