Бишкекте "Кара-Кыргыз" тарыхый сериалынын бет ачары өттү

Маданият 25 Декабрь 2025 12:41
602899528_1166852568939831_6507836445827039668_n.jpg
601917827_1166852518939836_1509957871256825122_n.jpg
602332489_1166852662273155_5014327182558765688_n.jpg
602429984_1166852612273160_9099512255558338510_n.jpg
602891726_1166852515606503_7591442227219152013_n (1).jpg
602903609_1166852625606492_4549817744536827872_n.jpg
602934424_1166852725606482_7752008158545040955_n.jpg
603873285_1166852688939819_4611432082155878590_n.jpg
604572370_1166852552273166_2422919276394274967_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарындагы Broadway кинотеатрында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына арналган "Кара-Кыргыз" аттуу тарыхый сериалдын бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Аталган долбоор Маданият министрлигинин каржылоосунда, "Кыргызсериал" мамлекеттик мекемеси тарабынан даярдалган.

Белгиленгендей, сериал Мамлекеттик архивдин материалдарына жана тарыхый булактарга таянып тартылды. Анын сюжетинде 1917-1924-жылдардагы тарыхый окуялар көркөм формада чагылдырылып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнө салым кошкон инсандардын өмүр жолу баяндалат. Алардын арасында Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманаалы Айдарбеков жана Абдыкадыр Орозбеков ж.б. тарыхый инсандар бар.