Бишкекте кампадан өрт чыгып, бир адам каза болду

Кырсык Загрузка... 22 Январь 2026 09:00
copyright icon ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Бишкек шаарында кампадан өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынан билдиришти.

Өрт Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан Бишкек эркин экономикалык аймагындагы кампадан чыккан.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, саат 05:58де толук өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматка ылайык, өрттүн аянты болжол менен 900 чарчы метрди түзгөн. Тилекке каршы өрт кырсыгынан 1 чет элдик жаран каза каза болгон.