Бишкекте кайрымдуулук жарманке өтөт

Коом Загрузка... 11 Июнь 2026 16:50
yntymak-2-meriya-4.jpg
copyright icon www

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. 13-июнда “Ынтымак-2” паркында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган кайрымдуулук дипломатиялык жарманке өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстанда аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен уюштурулууда.

Жарманкенин коноктору дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүнүн маданияты менен таанышып, улуттук сувенирлерди, кол өнөрчүлүк буюмдарын сатып алып, тамак-аштардан жана суусундуктардан даам тата алышат.

“Товарларды сатуудан түшкөн бардык каражаттар кайрымдуулук максаттарына жумшалат. Борбор калаанын тургундарын жана конокторун дипломатиялык жарманкеге келип, кайрымдуулук акциясына катышууга чакырабыз.”, - деп билдиришти ТИМден.

Белгилей кетсек, жарманке саат 15:00дөн 19:00гө чейин өтөт.