Бишкекте кафеден чыккан ири өрт өчүрүлдү, жабыркагандар жок

Кырсык Загрузка... 19 Декабрь 2025 00:01
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын Көк-Жар айылында жайгашкан "Байбол" кафесинен чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп жана Ыкчам-нөөмөт кызматы тартылган.

Тилсиз жоо саат 21:21де чектөөгө алынып, 23:05те толук өчүрүлгөн.
Өрттүн аянты болжол менен 350 чарчы метрди түзөт.

Жабыркагандар жок.