Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Бишкек шаарында үйлөргө жылуулук жеткирүүдө ата мекендик технологиялар колдонула баштайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө жасалган ар бири 10 МВт болгон (бардыгы 70 МВт) жылуулук берүүчү заманбап, жаратылыш газы менен иштеген откана жабдуулар сыноолордон ийгиликтүү өткөнүн айтты. Жабдуулар бүгүнкү күндө колдонууга даяр. Жаратылыш газын кошууну гана күтүүдө.
“Мэрдин айтымында, откана жабдуулардын баасы чет элдик компаниялардын так ушундай эле иштеген жабдууларынан 3-4 эсе арзан жана сапатынан кем калбайт.
Откана жабдуулар Бишкек ЖЭБине көз каранды болбой автономдуу иштейт.
Шаардагы үйлөргө жылуулук берүүдө ЖЭБден көз карандылыкты арылтуу биринчи кезекте жылуулук жеткирүүдөгү жоготууларды азайтуу жана жылуулук берүү ишиндеги бир обьектиге көз карандуулуктан арылтуу максатын көздөйт”, - деди Алагөзов.