Бишкекте үйлөрдү экологиялык жылытууга кызыгуу күчөдү

Коом 24 сентябрь 2026 09:20
WhatsApp Image 2026-09-24 at 08.53.42 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-24 at 08.53.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-24 at 08.53.42 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-24 at 08.53.41 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-24 at 08.53.40.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-24 at 08.53.41 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-24 at 08.53.42.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Бишкекте тургундардын экологиялык таза жана энергияны үнөмдөөчү жылытуу системаларына кызыгуусу артууда. Бул тууралуу "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында №108 мектепте өткөн маалыматтык жолугушууда айтылды.

Жаралышы ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тургундарга жылуулук насосторун жана башка экологиялык таза жабдууларды сатып алууга жана орнотууга берилүүчү жеңилдетилген насыянын шарттары түшүндүрүлдү. Насыя 1 млн сомго чейин, 5 жылга чейинки мөөнөткө жылдык 6% менен берилет.

Каражатты жылуулук насосторун, генераторлорду жана экологиялык таза энергия булактарында иштеген башка жабдууларды сатып алууга жана орнотууга пайдаланууга болот. Насыяны "Элдик Банк", "Айыл Банк" жана "Бакай Банктан" алууга мүмкүн.