Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы жер тилкелеринин максаттуу багытта колдонулушуна көзөмөлдү күчөтүү боюнча атайын токтом кабыл алды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, акыркы жылдары шаарда жеке турак жай салуу үчүн бөлүнгөн жерлерге автосалон, машина сатуучу аянтчаларды жана башка коммерциялык объекттерди ачып алган учурлар көбөйгөн.
Мындай көрүнүштөр жолдордо тыгындарды жаратып, шаардыктардын жашоо шартына терс таасирин тийгизүүдө.
Токтомдун алкагында Бишкектин бардык райондорунда жер тилкелерин максатсыз жана уруксатсыз пайдалануу фактылары боюнча толук инвентаризация жүргүзүлөт. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда материалдар чара көрүү үчүн укук коргоо жана тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилет.
Мындан тышкары, шаардыктар жер тилкелерин Жер кодексине ылайык, башында кандай максат менен берилсе, дал ошол багытта гана колдонууга милдеттендирилет.
"Жеке турак жай аянтын автосалон же көргөзмө аянтчасына айлантып алгандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат", - деп айтылат маалыматта.
Мэрия эгерде жер тилкесинде коммерциялык ишмердүүлүк жүрүп жаткан болсо, анын айланасын таза кармап, Бишкектин архитектуралык жана эстетикалык көрүнүшүн сактоо зарылдыгын эскертет. Жеке турак жай аянтын автосалон же көргөзмө аянтчасына айлантып алгандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.