Бишкекте IX “Орто Азия Романсиадасы” эл аралык сынагы өтөт

Маданият Загрузка... 03 Октябрь 2025 15:35
1066662698_0_0_3072_1728_1920x0_80_0_0_8339ae41e396dd3ef30a967a0a358b81.jpg.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. 21-22-октябрда Бишкекте Орус романсынын жаш аткаруучуларынын IX “Орто Азия Романсиадасы” эл аралык сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Орто Азия Романсиадасынын” жеңүүчүлөрү 2025-жылы декабрда Москвада өтө турган “Романсиаданын” финалына катышат.

Сынакка катышуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнөн жогорку окуу жайлардын чыгармачыл студенттери, атайын орто окуу жайлардын жана музыкалык мектептердин окуучулары, жөн гана орус романсын сүйүүчүлөрү чакырылат.

Катышуучулардын жаш курагы 6 жаштан 35 жашка чейин болушу керек. Сынакка катышуу акысыз.

Сынак жөнүндө жобо жана катышуу үчүн арыз https://romansiada.kg/ сайтында жеткиликтүү.

Иш-чараны уюштурууга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Эл аралык өз ара аракеттенүү жана кызматташуу борбору, Бишкектеги Орус үйү, “Романсиада” кайрымдуулук фонду жана башкалар колдоо көрсөтүүдө.