Бишкекте имараттын 300 чарчы метрден ашуун бөлүгү мамлекетке кайтарылды

Коом 1037 01 Апрель 2025 16:24
488313768_1503464417279228_5348359732485909848_n.jpg
488260702_1503464393945897_7894402899956990492_n.jpg
488269329_1503464253945911_2143398921136353252_n.jpg
488574059_1503464143945922_5256018068284481706_n.jpg
488644517_1503464427279227_5662310871904966169_n.jpg
Алдыга
Артка
488313768_1503464417279228_5348359732485909848_n.jpg
488260702_1503464393945897_7894402899956990492_n.jpg
488269329_1503464253945911_2143398921136353252_n.jpg
488574059_1503464143945922_5256018068284481706_n.jpg
488644517_1503464427279227_5662310871904966169_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Бишкекте имараттын 300 чарчы метрден ашуун бөлүгү мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат Мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү жана мамлекеттин менчигине кайтаруу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарында жайгашкан административдик имаратты жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу жана ага карата колдонулган жол-жоболорду бузуу фактысын аныктаган..

Тергөөнүн жүрүшүндө белгиленген административдик имарат Суу ресурчтары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин менчигинде болгондугу жана мыйзамдарда белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке берилгендиги такталган.

Көрүлгөн чаралардын жана жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогоруда аталган объекттин бөлүгүнүн ээси бул менчикке ээлик кылуунун жана пайдалануунун укукка жатпагандыгын моюндаган. Мындан улам, ал жалпы аянты 300 чарчы метрден ашык имараттын пайдалануудагы бөлүгүн мамлекеттин балансына кайтаруу чечимин кабыл алды.

Учурда бильярд клубу жана конок үйү иштеп жаткан имараттын экинчи бөлүгүн кайтаруу иштери улантылууда. Мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана мамлекеттик мүлктү калыбына келтирүү үчүн имараттын бир бөлүгү түрүндөгү мамлекеттик мүлктү кайтарып берүү жөнүндө арыз менен сотто иш козголот.

УКМК жеке менчикте турган мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик жайларды аныктоо жана кайтарып алуу боюнча активдүү иштерди улантууда.