Бишкекте эски имараттан өрт чыгып, жеринде 4 бөлүм иштөөдө

Кырсык Загрузка... 06 Ноябрь 2025 18:20
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Бишкекте Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан эски имарат өрттөнүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө саат 17:13төн тарта жалпы жалпы 4 бөлүм жана штаб тартылды.

Ал эми саат 17:50дө Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу (кыймылды башкаруу пункту) жерине барып, аракеттерди көрүүдө.

Кошумча маалымат берилет.