Бишкекте эркек кишинин сөөгү табылып, шектүү катары 6 адам кармалды

Кырсык Загрузка... 25 Февраль 2025 15:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Бишкекте эркек кишинин сөөгү табылып, шектүү катары 6 адам кармалды.

Бишкек ШИИББнен билдиришкендей, 20-февраль күнү Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына "102" кызматынан, Бишкек шаарындагы Ала-Арча суу сактагычынын жанында Лесное айылы тарапта белгисиз адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда маалымат тастыкталып, каза болгон жаран, мурда бир нече жолу соттолгон 1981-жылы туулган А.А. экени аныкталган.

Аталган факты боюнча Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларын жыйынтыгында, 1995-жылы туулган Б.И., 2004-жылы туулган Б.С., 2002-жылы туулган Б.Ч., 1999-жылы туулган Т.К., 1996-жылы туулган А.Т., 1996-жылы туулган К.А. аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалган.

Кармалгандардын баардыгы, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Учурда милиция кызматкерлери тарабынан окуянын бардык жагдайларын текшерүү иштери улантылып, жабырлануучунун өлүмүнүн так себептерин аныктоого багытталган бардык зарыл экспертизалар дайындалды",-деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери улантылууда.