Учкун конушунда эмерек жасоочу цехтен өрт чыкты

Кырсык 29 Май 2025 09:30
493969766_1104482668391125_1705081310928422350_n.jpg
495138541_1104482711724454_4934598284066346762_n.jpg
Алдыга
Артка
493969766_1104482668391125_1705081310928422350_n.jpg
495138541_1104482711724454_4934598284066346762_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.05.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарынын Учкун конушунда эмерек жасоочу цехтен өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, цех менен катар турак үй өрттөнгөн.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракеттери менен коңшу жайгашкан турак жайларга жалын өткөрүлбөй курчоого алынган.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана 1 дрон тартылып, толугу менен өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды.