Бишкекте эмдөө маселелери боюнча эл аралык семинар өтүүдө

Ден соолук 14 Июль 2025 14:47
518324883_760344659726238_1007525709618849131_n.jpg
518365626_760344549726249_3021309010489360066_n.jpg
518365930_760344716392899_4176928363457864403_n.jpg
518373371_760344739726230_3014932561518379206_n.jpg
516749439_760345646392806_6237494257184459719_n.jpg
518271644_760344876392883_5534364762380790521_n.jpg
518292522_760344619726242_3212788813073945249_n.jpg
518304374_760344793059558_1963317199263334315_n.jpg
518318921_760344683059569_5605638186541734927_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. 14–15-июлда Бишкек шаарындагы "Вакцинадан эмдөөгө" деген темада тренерлерди даярдоо боюнча аймактык семинар өтүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара "Кыргыз Республикасынын балдар дарыгерлеринин союзу" коомдук бирикмеси тарабынан Эл аралык педиатрия ассоциациясынын (ЭПА) колдоосу менен уюштурулган.

Семинар медицина кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууга жана айрыкча балдар арасында иммунизацияны кеңейтүүгө багытталган. Ошондой эле ата-энелер менен натыйжалуу баарлашуу, эмдөөгө болгон ишенимди арттыруу жана Борбор Азиядагы адистердин жактоо (адвокация) көндүмдөрүн өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Иш-чарага Индия, Франция, Ливан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Грузия, Молдова, Армения жана башка өлкөлөрдүн педиатрия жана эмдөө борборлорунун, улуттук ассоциациялардын өкүлдөрү катышууда.

Семинар аймактык деңгээлде вакцинацияны илгерилетүү, эл аралык тажрыйба алмашуу жана жалпы мамилелерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

Катышуучулар актуалдуу билимдерге, практикалык инструменттерге ээ болуп, коомдук саламаттык сактоо тармагындагы иштерин улантууга шык алышат.

Бул иш-чара региондогу адистердин кызматташтыгын чыңдоого, программаларды ишке ашыруудагы учурдагы маселелерди биргеликте талкуулоого жана эмдөө менен камтылууну жогорулатууга багытталган таасирдүү практикаларды жайылтууга өбөлгө болот.