Бишкекте эл аралык террордук уюмдун жактоочусу кармалды

Укук тартиби 1134 06 Апрель 2026 11:00
WhatsApp Image 2026-04-06 at 08.28.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-06 at 08.28.52.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-06 at 08.28.50.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-04-06 at 08.28.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-06 at 08.28.52.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-06 at 08.28.50.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 06.04.26 /Кабар/. УКМК эл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар деп шектелген адамды кармады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Ю. В. аттуу шектүү террордук уюмдардын идеологиясын жана Борбор Азия аймагында "халифат" түзүү идеяларын колдоочу болуп саналат.

Маалыматка ылайык, ал эмгек миграциясында жүргөндө террордук ишмердүүлүктү каржылоо менен алектенген эл аралык террордук уюмдардын таасирине кабылган.

Мындан тышкары, шектүү чет мамлекеттин аймагындагы согуш жүрүп жаткан аймактардын бирине чыгып кетүүнү жана мурда КМШ өлкөлөрүндө резонанстуу террордук актыларды уюштурган эл аралык террордук уюмдун башчысына кошулууну пландаган.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.