Бишкекте эл аралык студенттик театр фестивалы жыйынтыкталды

Маданият 20 Апрель 2026 09:10
672672913_1255865553371865_6322182464826597513_n.jpg
672688843_1255866136705140_7769667010385169338_n.jpg
672682159_1255866073371813_6084148514752335034_n.jpg
672678937_1255865630038524_8209968001865291124_n.jpg
672670445_1255866313371789_4713433511876487674_n.jpg
672182630_1255865550038532_911634398853200925_n.jpg
672129056_1255866013371819_4783726933672892645_n.jpg
672672922_1255865913371829_1023756104597579848_n.jpg
672679850_1255865620038525_1342359158424774250_n.jpg
672682913_1255866060038481_4622109960618196094_n.jpg
672675343_1255865730038514_3978938377889688449_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Бишкекте “Жаңы ысымдар” XI эл аралык студенттик театр фестивалы аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган фестивалга Кыргызстан, Россия, Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжандын искусство окуу жайларынын студенттери катышты.

Башкы байгени Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин (КМУИУ) театр факультетинин 3-курсунун студенттери “Каткелди” спектакли менен утуп алышты.

Байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • 1-орун: КМУИУнун 5-курсунун студенттери (“Кашаба” спектакли) жана Т. Жургенов атындагы Казак улуттук өнөр академиясынын студенттери (“Гамильтон” спектакли);
  • 2-орун: Өзбекстан мамлекеттик искусство жана маданият институту (“Тагдыр эшиги” спектакли) жана Россиянын театралдык окуу жайынын студенттери (“Атылган ок” спектакли);
  • 3-орун: КМУИУнун 2-курсунун студенттери (“Таштабачы, апаке” спектакли) жана Азербайжан мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери (“Винета же чөгүп кеткен шаар” спектакли).

Ошондой эле фестивалдын алкагында “Мыкты ансамбль”, “Мыкты эксперимент”, “Эркектин жана аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн” сыяктуу бир катар номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылды. Мындан тышкары, көркөм окуу, драматургия жана театр сыны багыттары боюнча да жеңүүчүлөр аныкталды.

Белгиленгендей, аталган эл аралык фестиваль 11 жылдан бери салттуу түрдө өткөрүлүп келет.