Бишкекте эл аралык йога күнү белгиленет

Ден соолук 17 июнь 2026 10:45
Бишкекте эл аралык йога күнү белгиленет

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. 21-июнда XII эл аралык йога күнү белгиленет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Курманжан датканын эстелигинин жанында Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте уюштурулууда.

Ага 400дөн ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, йоганын эл аралык күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан 2014-жылы Индия өкмөтүнүн демилгеси менен негизделген. Ошондон бери бул күн жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө белгиленип келет.