Бишкекте Эл аралык бий олимпиадасы өттү

Маданият 09 Июнь 2026 11:10
717479899_1296682982623455_3461825201155551760_n.jpg
718612282_1296683025956784_998230746847242549_n.jpg
717459752_1296683119290108_3808302529324519153_n.jpg
717959496_1296683089290111_3250177596102183196_n.jpg
718043651_1296682962623457_2407376608348429197_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарында 5–7-июнь күндөрү XI Эл аралык бий олимпиадасы өттү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага ар кайсы өлкөлөрдөн келген күчтүү бийчилер жана командалар катышты.

Олимпиадага 100дөн ашык дисциплина камтылып, хип-хоп жана K-pop багыттарынан тартып чыгыш, болливуд жана улуттук бийлерге чейин ар түрдүү жанрлар көрсөтүлдү. Маданий иш-чарага 3 жаштан 100 жашка чейинки курактагы өкүлдөр катышты.

Программага төмөнкүлөр кирди:

  • Борбор Азия чемпионаты (бардык бий багыттары боюнча);
  • "Вершина" фестивалы (баалоосуз формат);
  • Спорттук мажореткалар жана батон твирлинг боюнча Азия чемпионаты;
  • "Kyrgyzstan open" чир спорт боюнча эл аралык турнир;
  • Бишкек шаарынын чир спорт боюнча чемпионаты жана биринчилиги.

Олимпиаданын жыйынтыгында мыкты катышуучулар жана командалар жеңүүчү деп табылып, атайын номинациялар жана сыйлыктар тапшырылды.