Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Бишкекте эки имараттын алдына пандустар орнотулду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, күн мурун Бишкек мэри Айбек Жунушалиев орнотулган жаңы пандустардын иштөөсүн жана ыңгайлуулугун текшерип чыкты.
Алсак, пандустар Чүй облустук Ш.Термечиков атындагы драма театрынын, ошондой эле №4 Үй-бүлөлүк медицина борборунун алдына орнотулду.
Пандустарды орнотуу - ар бир тургун, физикалык мүмкүнчүлүгүнө карабастан, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылдай ала турган инклюзивдүү шаарды түзүү жолундагы маанилүү кадам.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө заманбап стандарттарга жооп берген пандустар 8 жерге орнотулду:
- Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы;
- Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпитал;
- «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борбору;
- Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи;
- Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры ;
- К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасы;
- Чүй облустук Ш.Термечиков атындагы облустук драма жана сатира театры;
- №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.